Menu

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын Аналитикалык борборунун салтанаттуу ачылышына катышты

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Аналитикалык борборунун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аналитикалык борбор баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарга каршы күрөштө статистикалык жана аналитикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн. Борбордун түзүлүшү аналитикалык бөлүк тарабынан даярдалган материалдардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле кызматкерлердин аналитикалык жана эксперттик мүмкүндүктөрүн кеңейтет.

Салтанатты ачууда вице-премьер-министр борборду түзүүгө көмөк көрсөткөн эл аралык донорлорго ыраазычылык билдирди, алардын биргелешкен күч-аракетине жараша бүгүнкү күндө ИИМ Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы жаңы он автоунаага, компьютердик жана башка техникага, ошондой эле толугу менен жабдылган Аналитикалык борборго ээ болууда.

«Алардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктө пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизатка каршы күрөшүү программасын ийгиликтүү ишке ашырууга негиз болуп берет деп ишенем», – деп белгиледи Максат Мамытканов.

“Бардык өткөрүлүп берилген мүлк белгилүү максатта, кылдат жана натыйжалуу пайдаланылат. Биз аталган багыттагы абалды жакшыртууга бардык күч-аракетти жумшайбыз ”, – деди вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Максат Мамытканов КРнын Өкмөтү учурдагы конвенциялардын алкагында өз ишин улантаарына ишендирип кетти.

“Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон жана ал бойдон кала бермекчи”, – деп жыйынтыктады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: