Menu

КРнын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону жокко чыгаруу жөнүндөгү соттун чечимин БШК мыйзамсыз деп эсептейт

Бөлүшүү:

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы Административдик соттун 2020-жылдын 24-октябрындагы чечимине кассациялык арыз берди. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкектеги Административдик соттун 2020-жылдын 24-октябрындагы (А. Эшалиев судья) чечими менен, “Актив” саясый партиясынын жана “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин арыздары канааттандырылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 21-октябрындагы №258-токтому мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган.

Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи инстанциядагы соттун мындай чечимин мыйзамсыз, негизсиз деп таап, төмөнкү негиздер боюнча жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Бишкектеги Административдик сот, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү” 2020-жылдын 21-октябрындагы №258-токтомун негиздөөдө Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 38-жана 63-беренелерин, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндөгү” 2020-жылдын 6-октябрындагы №249-токтомун келтиргендигин көрсөткөн.

Биринчи инстанциядагы сот №249-токтом Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо үчүн негиз катары кабыл алынбайт деп эсептейт, анткени ушул токтом менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу жол менен жараксыз деп таанылган эмес. Ошол эле учурда биринчи инстанциядагы судьянын пикири боюнча, конституциялык мыйзамдын 38-жана 63-беренелери койгон талаптар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылган эмес, бул судьянын ою боюнча конституциялык мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттары койгон мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерине каршы келет.

Бирок соттун чечиминен мыйзамдын келтирилген ченемдери кандайча бузулгандыгы жана Борбордук шайлоо комиссиясы кандай аракеттери менен мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин бузгандыгы белгисиз жана түшүнүксүз.

Ошентип, соттун ушундай бүтүмү мыйзам ченемдерине негизделген эмес, бул туура эмес жана негизсиз.

Даттанылып жаткан чечимде биринчи инстанциядагы сот Борбордук шайлоо комиссиясынын №249-токтому КР ЖК депутаттарын кайра шайлоону дайындоо үчүн негиз боло албастыгын көрсөтөт, анткени ушул токтом менен өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу жол менен жараксыз деп таанылган эмес.

Бирок ошол эле учурда сот тарабынан төмөнкү жагдайлар эске алынып изилденген эмес.

2020-жылдын 6-октябрында №249-токтом менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушул эле учурда административдик доочулардын бири – “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеси №249-токтомду жараксыз деп табуу жөнүндө мурда сотко кайрылган. 2020-жылдын 9-октябрында Бишкектеги Административдик соту (А. Эшалиев деген ошол эле судья) “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин талаптарын канааттандыруудан баш тарткан.

Ошентип, КР ЖК депутаттарын кайра шайлоону дайындоодо ушул №249-токтом толук юридикалык күчү бар акт болуп калган. Мындан тышкары, сот жыйынынын жүрүшүндө КР БШК өкүлү 2020-жылдын 21-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок бул жүйөөгө сот көңүл бурбаган, ага тиешелүү укуктук баа берилген эмес, ал Административдик соттун чечиминде андан бетер чагылдырылган эмес.

Өз чечиминин мотивировка берүүчү бөлүмүндө биринчи инстанциядагы сот муну көрсөткөн, 2020-жылдын 22-октябрындагы №1 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 1-беренесине ылайык, конституциялык мыйзамдын 38-63-беренелеринин аракеттери токтотулган.

Бул жерде “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемдерин атайылап бурмалап чечмелөө болуп жатат. Мисалы, сот шилтеме жасаган ченем адатта жаңы мыйзамды кабыл алып жатканда колдонулуп жана ушуга байланыштуу  мурда кабыл алынган мыйзам өз аракетин токтотот. Ал эми айтылып жаткан учурда ар түрдүү ченемдик – укуктук актылар – КР БШКнын токтому жана конституциялык мыйзам тууралуу кеп болуп жатат. Ушундай кырдаалда сот изилдей турган негизги маселе, 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган 38-жана 63-беренелердин аракеттерин токтотуу жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын убакыттардагы аракетинин маселеси болуш керек эле.

Келтирилген маселе “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгү менен жөнгө салынып, ага ылайык ченемдик-укуктук актынын аракети ал ишке киргиче пайда болгон мамилелерге карата таратылбайт. БШКнын кайра шайлоону дайындоо жөнүндөгү токтом формасындагы чечими 2020-жылдын 21-октябрында кабыл алынса, ал эми “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин аракеттерин токтотуу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамы КР Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган. Бирок бул жагдай сот тарабынан изилденген эмес, ага тиешелүү укуктук баа берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 172-беренесин бузуу менен 2020-жылдын 24-октябрында Административдик соттун чечимин чыгарууда сот тарабынан материалдык укуктун ченемдери сакталган эмес, чечимде Борбордук шайлоо комиссиясынын жүйөөлөрү чагылдырылбаган. Көрсөтүлгөн жагдайлар соттук актынын мыйзамсыздыгына жана негиздүү эмес экендигине күбө болуп турат.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 262-беренесине ылайык, укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу же олуттуу бузуу, ошондой эле сот актысынын негиздүү эместиги жокко чыгарууга же соттук актыларды кассациялык жол менен өзгөртүүгө негиз болуп саналат.

Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 12-43-60-61-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин 31-124-172-262-беренелерин жетекчиликке алуу менен, 2020-жылдын 24-октябрындагы Административдик соттун чечимин жокко чыгарууну жана “Актив” саясый партиясынын, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинин административдик доолорун канааттандыруудан баш тартууну суранат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: