Menu

Юстиция министрлигинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чегинде укуктук маалыматты пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоо боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-октябрда Юстиция министрлигинин жана Европа Биримдигинин жана GIZ «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү 2 – фаза» программасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу юстиция министринин орун басары Марат Канулькуловдун төрагалыгы алдында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин жана GIZ программаларынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Болот Исаков үстүбүздөгү жылдын май айында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын алкагында укуктук маалыматтардын пайдалануучуларынын муктаждыктарына баа берүү боюнча талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштаган.

Изилдөөлөр Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын пилоттук райондорунда жарандардан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө маалыматтык, консультациялык жана укуктук жардам алууга жетишүүдөгү бар болгон тоскоолдуктарын аныктоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында өткөрүлгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында Юстиция министрлиги Европа Биримдигинин жана GIZ Программасы тарабынан жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип жана калкка укуктук маалымат берүү маселеси боюнча оптималдуу инструменттерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик аймактык органдарынын арасында ушундай эле изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарын кароого даярдыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: