Menu

Жаңы вице-мэр Жамалбек Ырсалиев менен Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин тууганчылыгы бар экени белгилүү болду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын жаңы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин туугандык байланышы бар экени белгилүү болду.

Маалыматтар боюнча, Мамбеталиевдин эжеси Ырсалиевге турмушка чыккан. Буга чейин Эркин Мамбеталиев жарандык активист Адил Турдукуловго каршы сотко кайрылып, социалдык тармактардагы үй-бүлөлүк байланыштар жөнүндө жазгандыгы үчүн андан 5 миллион сом талап кылган.

Белгилей кетсек, 2008-жылы Жогорку сот Мамбеталиевди ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, полковник Чыныбек Алиевди жана депутат Жыргалбек Сурабалдиевдер баштаган 8 жаранды атып өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратканн. Ал эми полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн учурда пайдаланылган машина Алмаз Атамбаевдин “Форум” ишканасынын гаражына жашырылган жеринен милиция издеп таап алган.

Бирок, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Атамбаев бийликке келгенден кийин сот ишти кайра карап, мунапыс колдонуп, ал сот залынан бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: