Menu

Видео – Жээнбековду “арматура менен башка чаап кетебиз” деп коркуткан жапаровчу Кашкарбаев эми Жапаровго нааразы

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровдун тарапкери Бакай Кашкарбаев президенттин м.а., премьер-министрге кайрылуу жасап, анын жасаган аракеттерине эл нааразы болуп жатканын айтты.

“Садыр Нургожоевич, элдин үнүн укпай калдыңыз. Сизге маалыматтар жетсе дагы туура эмес жетип жатат. Күнүнө бир саат элге убакыт бөлүңүз, элди кабыл алыңыз. Эл сизге нааразы болуп жатат. Сизге ким бут тосуп, ким тоскоол болуп жатат? Элге ачык айтыңыз” – деп кайрылды ал.

“Сот реформасын баштаңыз. Мен “Коомдук көзөмөл” деген кыймыл ачып баштадым эле, эл колдоп жатат, жакшы. Мени элдин астына чыгарып, мени коомдук кеңешчи кылып алыңыз. Жаман кеңеш бербейм сизге. Жаныңыздагы бузуку, эки жүздүүнүн барын кууп чыгам” – деди ал.

Ал прокуратура, УКМК, Жогорку сотторду тартипке салууну сунуштады.

“Реформа кылам, оңдойм деген киши бир жумада, бир айда ишин көрсөтөт. Сиз “2 айда результат” көрсөтөм деп айткансыз. Убактыңыз кетип калды, бүт эле сүйлөшүүлөрдө жүрөсүз. Эл таарынып жатат сизге. Менин телефонумду тешип салышты. Мени Садырдын эң жакын киши деп элдин баары  тааныйт. Садырдын жанында жүрөт деп ойлоп жатышат. Мен сизди көрө элегиме канча күн болду. Сиздин жаныңыздагы кошоматчылар туура эмес маалыматтарды жеткирип жатат” – деп кайрылды ал Садыр Жапаровго.

Ал ЭлТР телеканалынын жамаатынын жаңы дайындалган директор Шаиста Шатмановага каршы чыгып жатканын айтып, буга байланыштуу маселени аппарат чечпей жатканын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: