Menu

Коронавирус менен инсульттун ортосундагы байланыш аныкталды

Бөлүшүү:

Окумуштуулар коронавирус менен инсульттун ортосундагы байланышты аныкташты. Кембридж университетинин адистер тобу өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын Эл аралык инсульт журналына жарыялаганын чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар башкаларга караганда орто эсеп менен алты жыл эрте инсультка кабылышат. Илимпоздор ошондой эле вирус менен ооруган адамдарда инсульттан каза болгондордун үлүшү кадимки бейтаптарга караганда эки эсе жогору экендигин аныкташты.

Мындан тышкары, адистер ооруканага түшкөн ар бир жүзүнчү оорулуу инсультка кабыларын белгилешет.

Буга чейин дарыгерлер коронавирустун жеңил формасы менен ооруп айыккандарда нейрондордун өлүмүнө алып келиши мүмкүн деп айтышкан. Бразилияда 70тен ашык дарыгерлер кезиккен медициналык учурлардын негизинде илимпоздор коронавирус инфекциясынын мээге тийгизген жаңы кесепеттерин табышкан. Көрсө, COVID-19 оорусу оор формада өткөн бейтаптарда дагы, симптомсуз бейтаптарда дагы мээсине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: