“Экономикага зыян келтирбегендей кылып мамлекеттик карыздан кутулуунун жолдорун изилдеп, концепцияны жана сунуштарды киргизүү керек”, – деп президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 29-октябрда өкмөттүн жыйынында.
Ошондой эле, ал ишкердик субъекттерин каржылоо программасынын алкагында экспортко багытталган ишканаларга, чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыяларды берүүнү күчөтүүнү тапшырды.
Ал үчүн тышкы жана ички булактардан финансы каражаттарын тартуу боюнча ишти күчөтүп, өз убагында каржылоону камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Премьер-министр минитсрликке республикалык бюджеттен каржылануучу бардык социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүүсүн камсыз кылууну тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ