Menu

Өлкөдө дагы 596 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 3 адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 596 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 136, Ош шаарынан – 23, Чүй облусунан – 89, Ош облусунан – 64, Талас облусунан – 39, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 91, Баткен облусунан – 112 катталган.

Муну менен жалпысынан 58 394  адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 425 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 49 522ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаары – 90, Ош шаары – 27, Чүй облусу – 39, Ош облусу – 59, Талас облусу – 14, Ысык-Көл облусу – 21, Жалал-Абад облусу – 85, Баткен облусу – 86, Нарын облусу – 4.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 3 адам: Баткен облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 каза болду. Жалпы саны 1142ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: