Menu

Артем Новиков: “Мен президенттин милдетин аткаруучу болоюн деген саясий амбициям жок”

Бөлүшүү:

“Мен президенттин милдетин аткаруучу болоюн деген саясий амбициям жок”, – деди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков журналисттерге берген маегинде.

Анын айтымында, анын карьералык өсүшү жана статусу президенттин милдетин аткаруучу кызматы жөнүндө Садыр Жапаров кызматтан кеткенден кийин юристтердин жана эксперттердин ар кандай пикирлери бар. Артем Новиков өзү президенттин милдетин аткаруучу кызматына барууга ниети жок.

«Учурда менин алдымда финансылык-экономикалык тармакта бир топ тапшырмалар турат. Аларды аткарышым керек», – деди ал.

Эскерте кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирген. Ал президенттин милдетин аткаруучу кызматынан декабрдын башында кетээрин жарыялаган. Ошондой эле ал шайлоодон утса президент болом, эгерде утпаса жөнөкөй жарандардын катарына кошулам деген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: