Menu

Казакстанда Кытайдан качып келген дагы эки шинжаңдык казак качкын макамын алды

Бөлүшүү:

Кытайдан келген шинжаңдык казактар Кайша Акан менен Багашар Маликулы Казакстанда бир жылдык мөөнөткө качкын макамын алышты. Бул тууралуу өлкөдө каттоодон өтпөгөн «Нағыз Атажұрт» бирикмеси «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маликулы бул маалыматты RFE/RL радиосунун казак кызматына ырастады.

– Качкындык тууралуу күбөлүктү Талдыкоргондо 20-октябрда алдым. Бир жылдык мөөнөткө беришти. Азырынча ушул документ менен жүрө тур, кийин көрөбүз дешти, — деди ал.

38 жаштагы Багашар Маликулы Кытайдан Казакстанга 2015-жылы көчүп келип, кайрылман күбөлүгүн жана өлкөдө жашоого укук берген документ алган. 2016-жылы Шинжаңда калган ата-энесине учурашуу үчүн барганда Кытай бийлиги кармап, документтерин алып койгон. Бир нече жолку сурактан кийин 2017-жылы январда Казакстанга качып келген. Өткөн жылы ал Алматы облустук миграция полициясына кайрылып, качкын макамын берүү өтүнүчү менен арыз жазган.

43 жаштагы шинжаңдык казак Кайша Акан да Кытайда «кайра тарбиялоо лагерине» жөнөтүлүүдөн кооптонуп Казакстанга качып келген. Анын качкын макамын издеп жүргөн жаран деген күбөлүгүнүн мөөнөтү быйыл 20-ноябрда аяктамак. Былтыр декабрда Алматы облусундагы Панфилов райондук соту 2018-жылы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө күнөөлүү деп таап, алты айга эркинен ажыраткан.

17-октябрда былтыр Кытайдан качып келген шанжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулыга да убактылуу качкын макамы берилгени кабарланган.

Азырынча «кытай бийлигинин басымынан качып келгенин» айткан дагы бир шинжаңдык казак Тлек Табарикулыга качкын макамы берилер-берилбеси белгисиз. Ал быйыл январда «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, алты айга эркинен ажыратылган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: