КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20- февралындагы №128 «КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом долбоору иштелип чыгып, КРнын Юстиция министрлигинин дарегине киргизилген. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №492 токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө жобо жаӊы редакцияда бекитилген.
Ошого байланыштуу, долбоор менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин структурасын өзгөртүүнү, тактап айтканда башкаруу схемасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аймактык органдарынан гана эмес борбордук органдарынан да түзүлөөрүн көрсөтүү сунушталат.
Токтом долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилген. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республиксынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкууну уюштуруу талап кылынбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ