Menu

Өзбекстанда таанымал окумуштуу Андрей Кубатин коронавирустан каза болду

Бөлүшүү:

Андрей Кубатин

Өзбекстанда таанымал окумуштуу, түрколог Андрей Кубатин 36 жашында коронавирустан улам каза болду. Өзбекстандын Илимдер академиясына шилтеме берип бир нече маалымат каражаты жазгандай, Ташкентте ооруканада дарыланып жаткан Кубатин 29-октябрда үзүлгөн.

Андрей Кубатин түрколог жана тарыхчы катары белгилүү болчу. Ал 2017-жылы Өзбекстандын Мамлекеттик архивинен китептин көчүрмөсүн түркиялык компаниянын өкүлүнө саткан деп айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган эле. Окумуштууга карата «Чыккынчылык» беренеси боюнча иш козголгон. 2018-жылы Кубатиндин жаза мөөнөтү беш жылга кыскартылган.

Былтыр сентябрда Ташкенттин соту Андрей Кубатинди толугу менен актап, абактан чыгарган. Ага чейин бир нече өлкөдөгү жүздөгөн окумуштуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылган болчу.

29-октябрга карата Өзбекстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 66 миңден ашты, каза болгондор болсо 560 адам деп көрсөтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: