Menu

КРнын Тышкы иштер министри Р. Казакбаев Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында «Казак Экспорт» АКга барды

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-октябрда КРнын Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев Казакстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Казак Экспорт» АКга барды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга инвестицияларды тартуунун алкагында Министр Р.Казакбаев «Казак Экспорт» АКнын Башкармалыгынын төрагасы Р.Искаков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кыргыз-казакстан мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле өз ара сооданын, анын ичинде «Kazakh Export» АКнын финансылык-камсыздоочулук куралдарын пайдалануу менен диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Казакстандык тарабы КРдагы «Каз Минералз Бозымчак», «Джеруй», «Джамгыр» жана «Вертекс Голд Компани» сыяктуу казакстандык компаниялар менен түзүлгөн кырдаалдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

ϴз кезегинде ТИМдин башчысы Р.Казакбаев өлкөдөдү чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, атап айтканда ушул жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет өлкөлүк, анын ичинде казакстандык инвесторлор менен жолугушуу болгону, анын алкагында келип чыккан маселелерди ыкчам жөнгө салуу үчүн Бизнести жана чет өлкөлүк инвесторлорду коргоо боюнча ыкчам штаб түзүлгөнү тууралуу маалымдады.

Министр Р.Казакбаев «Kazakh Export» АК тарабынан көтөрүлгөн, Кыргыз Республикасында казакстан капиталынын корголушуна байланышкан маселелер толук ишке ашырыла турганын баса белгилеп, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү үчүн түз байланышта болууну сунуштады.

«Казак Экспорт» АКнын Башкармалыгынын төрагасы Р.Искаков ведомствонун күнүмдүк иши жана пландары тууралуу айтты, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарында кыргыз тарап менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: