Бүгүн, 30-октябрда социалдык тармактарда президенттин м.а. жана премьер-миистр Садыр Жапаровдун италиялык “Moorer” брендинин жаңы курткасын кийип түшкөн сүрөтү тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Интернет магазиндерде Садыр Жапаров кийип тургандай пуховик куртка $5400 же 4600 евро деп бааланып турат.
Социалдык тармактардын колдонуучулары Садыр Жапаровдун кийген кийими барган сайын кымбаттап жатканын белгилешип, “кабинеттин ичинен калың куртканы эмнеге кийет?” деп кызыгып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ