6-октябрдын таңында Ак үйдү басып алган төңкөрүшчүлөр президент Сооронбай Жээнбековдун кабинетин тинтишип жатып, президенттин дарегине абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков жазган катты таап алышкан.
Бул каттын тарыхы боюнча азыр эркиндикке чыккан саясатчы Равшан Жээнбековго кайрылганыбызда ал “Катты окуй берсеңиздер болот. Мен абакта жатканда бир депутат ортомчу болуп “Президент Сооронбай Жээнбековго кат жазып сурансаң бошотот, биз сүйлөшүп жатабыз, бирок Алмаз Атамбаевге каршы көрсөтмө беришиң керек” деп калды. Мен кат жаздым, бирок “Атамбаевге каршы көрсөтмө бере албайм” деп жаздым. Катты окусаңар ал жерде көп нерселер айтылган” деп түшүндүрдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ