Menu

Коронавирустун жаңы күтүлбөгөн симптому табылды

Бөлүшүү:

Эл аралык дерматологиялык жамааттар лигасы жана Америка дерматология академиясынын окумуштуулары коронавирустун жаңы жана күтүлбөгөн симптомун табышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКларр жазып чыкты.

COVID-19 оорусун жуктуруп алган адамдардын манжаларында дүүлүгүү пайда болуп, манжалары аябай кызарып кетиши мүмкүн. Белгилери үшүккө окшош, ал бир-төрт жумага созулат жана буттун шишип кетишине алып келет.

Адистер белгилегендей, айрым пациенттерде симптом бир нече ай бою сакталып калган. Бирок, көпчүлүк учурларда, симптом жеңил болот.

Маалыматтар боюнча, Эл аралык COVID-19 дерматологиялык реестринде коронавирус менен ооругандар ушул сыяктуу учурларга туш болушкан. Бул бейтаптардын жарымына жакыны бут сезгенип, алардын 16 пайызга жакыны ооруканага жаткырылган. Буга чейин илимпоздор коронавирус адамдын ден-соолугу калыбына келгенден кийин анын ички органдарына зыян келтие берет деген бүтүмгө келишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: