Menu

“Реформа” партиясы БШКнын шайлоо күрөөнү кайтаруу боюнча чечимин күтүп жатат

Бөлүшүү:

“Реформа” партиясы БШКнын шайлоо күрөөсүн кайтаруу боюнча чечимин күтүп жатат. Бул тууралуу саясий уюмдун лидери Клара Сооронкулова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, эгер Борбордук шайлоо комиссиясы 5 миллион сомду кайтарбаса, анда партия сотко кайрылат.

“Борбордук шайлоо комиссиясы эмнеге убакытты созуп жатканы түшүнүксүз. Шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Алар өтпөгөндүктөн, тараптар күрөөнү кайтарып бериши керек. Ал эми Жогорку Кеңештен атайын чечмелөөнүн кажети жок. Баса, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 28-октябрда аяктаган. Кийинки жумада, менин билишимче, БШК маселени чечиши керек. Эгерде күрөөнү жарым-жартылай кайтаруу же баш тартуу боюнча чечим чыкса, анда биз сотко кайрылабыз”, – деди Клара Сооронкулова.

Буга чейин “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары БШКны сотко берүү ниетин билдиришкен. Парламенттик шайлоого катышкан “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил” жана башка саясий бирикмелер к€рөөн€ кайтарып берүүнү талап кылышууда. БШК шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда, күрөөнү кайтарып берүү боюнча мыйзамда мыйзам аныкталбагандыгын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: