Бүгүн, 31-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 484 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 123, Ош шаарынан – 32, Чүй облусунан – 50, Ош облусунан – 43, Талас облусунан – 18, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 37, Жалал-Абад облусунан – 110, Баткен облусунан – 66 катталган.
Муну менен жалпысынан 58 878 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 461 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 49 522ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаары – 84, Ош шаары – 45, Чүй облусу – 48, Ош облусу – 69, Талас облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 29, Жалал-Абад облусу – 90, Баткен облусу – 76, Нарын облусу – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Баткен облусунан – 3 адам каза болду. Жалпы саны 1145ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ