Menu

Турсунбек Акун: “Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин өзү кабыл алган, ага эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес”

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин өзү кабыл алган, ага эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 31-октябрда тегерек столдо билдирди.

Феликс Кулов өзү, башка саясатчылар жана коомдук ишмерлер Сооронбай Жээнбеков менен кызматтан кетерден бир аз мурун жолукканын, ошондо Жээнбеков парламенттик шайлоого чейин кызматын улантууга чечкиндүү болгонун айтты. Бирок Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин, ал баш аламандыкты каалабай тургандыгын айтып, позициясын кескин өзгөрткөнүн айтты.

“Жээнбеков кан төгүүнүн алдын алуу үчүн кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Ташиев жана Жапаров менен жолугушуудан кийин берген билдирүүсүндө айтты. Бирок бул кан төгүүнү ким каалады?” – деп сурады Кулов.

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун Кулов менен тайтыша кетишти.

“Кызматтан кеткенден бир жумадан кийин мен Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, анын кызматтан кетишинин себебин, Ташиев жана Жапаров менен кандай сүйлөшүү болгонун сурадым, анткени эл арасында көптөгөн ушак-айыңдар болуп жатат. Ал сүйлөшүү сый мамиледе өткөндүгүн айтып, ага кысым көрсөтүлбөгөндүгүн жана өзү кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын коомго жеткирүүмдү суранды», – деди Акун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: