Menu

Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буйрук берген шектүү 1 млн сом күрөөгө бошотулду

Бөлүшүү:

Төмөнкү Ала-Арча айылында жашаган 26 жаштагы Айгеримди өлтүрүүгө буйрук берген аял күрөөгө бошотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Алардын айтымында, 19-октябрда кылмышка шектүү ден-соолугуна байланыштуу убактылуу кармоочу жайдан ооруканага которулган. Андан кийин, анын жүрөгү ооруп Улуттук кардиология жана терапия борборунда укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болгон.

Кийинчерээк Аламүдүн райондук сотунун чечими менен ал 1 млн сом күрөөгө үйүнө чыгарылганы белгилүү болду. Мындай чечимди сот 26-октябрда кабыл алган.

Ошол эле учурда Аламүдүн районунун прокуратурасы 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аяктоодо жана сотко жөнөтүү стадиясында деп ишендирүүдө.

Белгилей кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз адам кирип, 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

14-октябрда милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаш кыздын өлмүнө шектүүлөр: 31 жаштагы Б.Ж. (аял киши), анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. кармалган.

Маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү кылмышы Б.Ж.нын кызганычынан улам жасалган.  Анда аял күйөөсүн Айгеримден кызганып, анын көзүн тазалоо үчүн айдоочусуна жана досуна “буйрутма” берген. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: