Бүгүн, 31-октябрда КРнын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 20-мартында туулган, «Лига-Антикризис» КБнин президенти Нышанов Назарбек Айтбековичтен КР БШКга арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, 31-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын 3 жаранынан Президенттин кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ