Menu

Дастан Бекешев: “Жогорку Кеңештин катардагы аппарат кызматкерлерине айлык төлөгөнгө казынада акча жок калды…”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш толугу менен айлык акысыз калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында жарыялады.

“Республикалык бюджетте, Жогорку Кеңешктин кызматкерлерине эмгек акы төлөгөнгө акча жок катуу тартыштык болуп жатат окшойт. Макул, депутаттар айлыксыз калышты, бирок жок дегенде Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине, Жогорку Кеңештин администраторлоруна эмгек айлыктарын төлөп беришсе болмок. Тилекке каршы, баардыгы айлыксыз калышты, бирок аларга айлыктары төлөнөт деп үмүттөнөм”, – деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, 22-октябрда алтынчы чакырылыштын депутаттары дагы алты ай эмгек акысыз иштөөгө даяр экендиги белгилүү болуп, ошол эле учурда Жогорку Кеңештин аппаратынын катардагы кызматкерлеринин айлыктары сакталып калаары айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: