Түркиянын Измир шаарында күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 73кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда “РИА НОВОСТИ” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин 69 адам каза болуп, 949 адам жаракат алганы кабарланган.
“Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 73 адам каза болуп, 961 адам жаракат алды” – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Измирдеги 20 үй талкаланган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткан же каза болгон кыргызстандыктар катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ