Menu

Бир сутка ичинде 436 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 5 адам каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 436 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 112, Ош шаарынан – 32, Чүй облусунан – 18, Ош облусунан – 27, Талас облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 41, Жалал-Абад облусунан – 108, Баткен облусунан – 80 катталган.

Муну менен жалпысынан 59 879  адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 332 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 50 741ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаары – 60, Ош шаары – 27, Чүй облусу – 41, Ош облусу – 25, Талас облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 19, Жалал-Абад облусу – 82, Баткен облусу – 75.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Бишкек шаарынан – 3, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 1 каза болду. Жалпы саны 1155ке жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: