Menu

Өмүрбек Бабанов: “Сооронбай Жээнбековго таарынычым жок”

Бөлүшүү:

Саясатчы Өмүрбек Бабанов “Ыңгайсыз суроолор” прогаммасынын кечээки чыгарылышында экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата мамилеси боюнча комментарий берди.

Буга чейин ал саясаттан кетүүгө аргасыз кылган Алмазбек Атамбаевди кечиргенин айткан. Ал белгилегендей, Жээнбеков Атамбаевден бийликке бизнеске кысым көрсөтүүгө жол бергендиги менен айырмаланган.

Анын айтымында, өлкөгө кайтып келгенден кийин ар кандай беренелер боюнча жети кылмыш иши козголгон.

Журналист ал Атамбаевди кечиргендей Жээнбековду да кечире аласызбы деп сурады.

“Сооронбай Шарипович, менимче… Ал киши өзүнүн иши жөнүндө көптөгөн тыянактарды чыгарат. Эми кызматтан кеткенден кийин, ал кимди куугунтуктаганын, өзүнүн каталарын түшүнөт го дейм. “Мени үч жылдан бери куугунтук кылдыңыз,  иштерди колдодуңуз” деген таарыныч деле жок. Мындайа айтканда, жашоо көрсөтөт. Ал 5-октябрдагы окуяга таарынбай, чыныгы каталарын аныкташы керек. Райымбек Матраимов жөнүндө  “факты бергиле” деп туруп алды. Шайлоодогу добуш сатып алуулар тууралуу көп айтыды. Ал жөнүндө “факты бергиле” деп айтып туруп алды. Ошон үчүн ушундай окуялар болду”, – деди Бабанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: