Menu

Тажикстан президенти саясий себептерден соттолгон кишилерге ырайым берген жок

Бөлүшүү:

Тажикстан президентинен ырайым алган 378 кишинин арасында саясий себептен улам соттолгон бир да киши жок.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон инаугурациясы өткөндөн кийин “гумандуулук, ырайымдуулук, үй-бүлөлөргө, балдарга жана өспүрүмдөргө кам көрүү принцибинин негизинде” 378 кишиге ырайым кылуу жөнүндө жарлык чыгарган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу Душенбени белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровду, каттоодон өтпөгөн “Жаңы Тажикстан” партиясынын негиздөөчүсү Зайд Саидовду “Группа 24” тобу жана “Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын” активисттерин бошотууга чакырган. Бирок Тажикстан өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет.

Тажик лидеринен ырайым алган 378 кишинин тизмеси жарыялана элек. Бирок “Озодинин” Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурадагы өз булактары алардын арасында Бузургмехр Ёров, Зайд Саидов жана “Группа 24” менен диний уюмдун активисттери жок экенин билдиришти.

Мурдагы өнөр жай министри Зайд Саидов ”Жаңы Тажикстан” партиясын түзүү ниетин билдирген соң коррупцияга байланыштуу айыпталып, 2013-жылы 29 жылга соттолгон.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган ”Ислам кайра жаралуу партиясынын” соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2017-жылы ал 28 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: