Menu

Казакстанда мыйзамсыз орган алмаштырууга айыпталган дарыгерлер акталды

Бөлүшүү:

Нур-Султанда кылмыш иштери боюнча район аралык сот мыйзамсыз орган алмаштырууга айыпталган эки дарыгер – Гани Куттымуратов менен Абылай Донбайды актады. Иш жети ай бою жабык режимде каралган.

«Трансплантация жасаган дарыгерлер документтердин жалган экенин билишкен эмес. Бардык операция расмий түрдө тиркелген документтердин негизинде жасалган», – деп жазылган билдирүүдө.

Казакстан ИИМи бир жыл мурун дарыгер Абылай Донбай өзү жетектеген ооруканада Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгүн алып, Израиль жарандарына мыйзамсыз түрдө салган деген шек менен кармалганын кабарлаган.

Ошол эле маалда сот дарыгер Куттымуратовду «кесиптик милдеттерин так аткарган эмес» деген айып менен эки жарым жылга түрмөгө камады. Маалыматка караганда, ал операция жасаган кишилердин бирине ВИЧ илдети жуккан.

Ушул эле иште үчүнчү шектүү, Кыргызстан жараны Бермет Тайсалова алты жылга эркинен ажыратылды. Ал «Кишинин органын мыйзамсыз алууга мажбурлоо» жана «Жалган документ жасоо» айыбы боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Тайсалова 2017-2018-жылдары эл аралык издөөдө жүргөн кишилерге Казакстанда орган алмаштыруу боюнча келишим түзүүгө көмөк көрсөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: