Казакстан коронавируска байланыштуу чек арада чектөө чараларын күчөтөт, атап айтканда, 57 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимдин токтотулушу 2021-жылдын 1-майына чейин узартылат, ошондой эле Түркияга учуу каттамдары кыскарат. Бул тууралуу Казастандын өкмөтүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, 2-ноябрда Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп, анда чек арада көзөмөлдү күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
“57 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимдин токтотулушу 2021-жылдын 1-майына чейин узартылат. Кытайдан жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн Казакстанда 72 сааттык визасыз жүрүүнүн токтотулушу 2021-жылдын 1-январына чейин узартылат”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле “9-ноябрдан тарта Түркия менен эл аралык каттамдардын санын жумасына 33төн 20га чейин кыскартуу” чечими кабыл алынды.
“Мамлекеттик чек арадан өтүү тартибине киргизилген өзгөртүүлөр: Казакстанда жашоого уруксаты бар чет өлкөлүктөр, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, республиканын жарандарынын үй-бүлө мүчөсү болгон чет өлкөлүктөр Казакстандын мамлекеттик чек арасынан 90 күндүн ичинде 1 жолудан гана өтүшөт (буга чейин 30күн ичинде болгон)”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ