Menu

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 98 адамга жетти

Бөлүшүү:

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркиянын батыш тарабындагы Измир шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 98 адамга жетти. Бул тууралуу “Anadolu” маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын саны 994тү түздү. Алардын 884ү ооруканалардан чыгарылды, 147си дарыланууда, 12си жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кыйратылган 17 турак үйдүн ичинен 12синин урандыларын демонтаждоо иштери аяктады.

Эскерте кетсек, 30-октябрда Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын Эгей деңизинде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Измирдеги 20 үй талкаланган.

Жер титирөө бир катар Грек аралдарында да сезилген. Самос аралында дагы адамдар жер титирөөдөн каза болуп, жаракат алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: