Ош облусунун Өзгөн районунун жаңы акими болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өкүл баласы шайланды. Бул тууралуу маалыматты президенттин м.а. Садыр Жапаров Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда аксакал айтты.
“Садыр, балам, сен акимдерди акчасыз жана коррупциясыз жумушка алам деп жатасың. Мен Өзгөн районунан келдим. Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун акимдери тааныш аркылуу алмаштырылды. Өзгөндө Зулушевдин өкүл баласы аким болду”, – деди аксакал.
Буга Садыр Жапаров кызматка жаңы дайындалган адамдар убактылуу гана иштешерин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ