Menu

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген 52 автоунааны аныкташты

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген 52 автоунааны аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы  кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 52 автоунааны аныкташкан.

Бул фактылар боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 81 742 282 сомду түзөт.

Чогултулган матералдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: