Menu

Садыр Жапаров: Мен үчүн элдин талабы жана эрки – баарынан улук

Бөлүшүү:

Мен үчүн элдин талабы, эрки жана бийлиги – баарынан улук! Бул тууралуу  КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусунун эли менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдиргенин бүгүн, 3-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча эл тараптан берилген суроолорго Садыр Жапаров жооп берип жатып, шайлоону өткөрүүдө Конституциянын ченемдерин так сактоо керектигин белгиледи.

«Эмне үчүн Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт деген суроо берилүүдө. «Биз конституциялык-укуктук талаага кайтып келдик» деп дүйнөгө жар салып жатабыз. Демек, Конституциянын ченемдерин так сактайлы, легитимдүүлүк сакталууга тийиш.   Конституциянын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи Президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек» – деди президенттин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле партиялык система жана конституциялык реформа боюнча сөз кылды.

«4-октябрда болгон депутаттарды шайлоодогу элдин ичиндеги нааразычылыктар эң туура деп эсептейм. Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады: кландык системаны жаратты, баарыбызды бай-кедейге бөлдү, уюшкан коррупциянын гүлдөшүнө алып келди. Ошондуктан элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформаларга барабыз. Азыр реформалар жана референдум боюнча тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жатат.

Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр  боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат. Элдин эрки  жана акыйкаттуулук – бул түбөлүктүү сөздөр.
Мен үчүн элдин талабы, бийлиги жана эрки – баарынан улук», – деди Садыр Жапаров.

Жолугушууда чогулган эл соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу, ишкерликти колдоо боюнча суроолорго жоопторду алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: