Кыргыз Республикасынын УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле кылмыштуу элементтердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасиринин алдын алууга багытталган жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалып, алар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жаткан тинтүү учурунда курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынган.
Материалдык далилдер экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ