Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Аспеков өзү Фейсбук баракчасында билдирди.
“Эртеңден баштап президенттик шайлоого даярдык көрүп баштаймын. Садыр Жапаров агам шайлоодо Чүй облусун жетектейсиң деп дайындап кетти. Эң негизгиси президенттик шайлоодон жеңип чыгышы керек, калганы “ерунда” дегендей. Штаб ачабыз, райондорго координаторлорду дайындайбыз, Чүйлүк туугандар байланышка чыккыла”, – деди Аспеков.
Мелис Аспеков – “Мекенчил” партиясынын мүчөсү. Ал көптөгөн саясий акцияларга жана митингдерге активдүү катышкан.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин жарыялаган биринчи талапкер болгон. Бул үчүн ал декабрь айынын башында президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Азырынча Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов, ошондой эле коомдук ишмерлер Арстан Алай, Кубан Чороев президенттикке ат салышаары белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ