Menu

Өзбекстанда кытай вакцинасын сыноого 5000 ыктыярчы катышат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги менен Кытайдын Микробиология институту коронавируска каршы кытай вакцинасын сыноодон өткөрүүнүн үчүнчү баскычы боюнча макулдашты.

Ага ылайык, өзбек тарап сыноону 5000 өзбекстандыктын катышуусунда өткөрүүгө милдеттенме алды.

6-ноябрда вакцинаны иштеп чыгууга катышып жаткан кытай окумуштуулары расмий сыноолорго катышуу үчүн Өзбекстанга келет деп күтүлүүдө.

Сыноого 18 жаштан жогору курактагы адамдар өз каалоосу менен катыша алышат. Бул үчүн аларга акча төлөнүп берилиши мүмкүндүгү да кабарланууда.

22-октябрда Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүнү уюштуруу боюнча Кытайдын Микробиология институту жана Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирген.

Анда сыноонун бардык баскычтары ийгиликтүү аяктаса, Өзбекстан бул вакцинаны эң арзан баада сатып ала турган алгачкы өлкөлөрдүн бири болору айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: