Бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте кайрадан митинг өтүүдө. Бул жолу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратына эл чогулду.
Митингчилер “Спортто коррупцияга жол жок” – деген ураандар менен чыгышкан, бирок алар ошондой эле ачык талаптарды айтышты. Алардын талабы: Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин директору Кадырбек Эргешовду кызматтан алуу.
Мамлекеттик агенттиктин жаңы дайындалган жетекчиси Канатбек Шабданбаев митингчилердин алдына чыгып, алар талаптарын жазуу жүзүндө берсе, алардын маселесин карайбыз деп убада беришти.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-ноябрда Бишкекте бир нече митинг болуп өттү. Алгач “Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери, мурунку директор Доскул Бекмурзаевди акционердик коомдун башкы директорлугуна кайтарып берүүнү талап кылышты. Андан кийин “Дордой” ишкерлери чыгышкан. Алар Кытай менен чек арада товарлардын кечигип жаткандыгына нааразы болушту. Ошондой эле Курсан Асановду бошотуу талабы менен бир нече адам УКМКнын имаратынын жанында митинг өткөрүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ