Menu

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча турмуштук оор кырдаалга кабылган 2829 бала аныкталып, 1673ү турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча турмуштук оор кырдаалга кабылган 2829 бала аныкталды, анын ичинен 1673ү турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, ушул мезгилде турмуштук оор кырдаалга кабылган 909 үй-бүлө аныкталып, 455 үй-бүлө оор кырдаалдан чыгарылган.

Үй-бүлөлүк тарбыянын өзгөчө маанилүү экенин эске алуу менен, Министрлик тарабынан ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды жана жетим балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын 1-октябрына карата 63 бала кабыл алуучу үй-бүлөдө тарбия алууда.    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы  №319-р буйругун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн улуттук кампаниянын жүрүшүндө 698 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан.

Белгиленгендей, документтештирилген балдардын ичинен 95и үйдө төрөлгөн, алардын туулгандыгы тууралуу медициналык справкасы жок, ата-энесинин өзүндө документтери жок балдар, ата-энелери чет өлкөлүк жарандар болгон балдар.            

Быйыл туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 910 бала аныкталып, анын 420сы тиешелүү документ менен камсыздалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: