Menu

Казакстандын мурдагы саламаттык сактоо министри камакка алынды

Бөлүшүү:

Казакстандын Каржы министрилигине караштуу Каржы көзөмөл комитети өлкөнүн мурдагы саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кармалганын ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, сот өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражатты коротуу иши боюнча айыпталып жаткан Биртановдун бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды.

Өткөн дем алыш күндөрү жергиликтүү агенттиктер өз булактарына таянып, мурдагы министр коррупция айыбы менен кармалганын жазышкан.

49 жаштагы Елжан Биртанов саламаттык сактоо министри кызматында 2017-жылдын январынан 2020-жылдын июнуна чейин иштеген. Ал өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп, ооруканаларда орундар жетишпей жаткан маалда отставкага кеткен. Анын ордуна Алексей Цой министр болуп келген.

Августтун башында Биртановдун орун басары болуп иштеген Олжас Аьишев кармалган. Сентябрда ал маалыматтык системаларды түзүү үчүн бөлүнгөн 500 миллион теңгеге жакын каражатты уурдоого шектелип жатканы белгилүү болгон.

Казакстан коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 46-орунда турат. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 113 309 кишиден вирус табылып, алардын 1 861и каза болду. Бул статистикага коронавирустун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар кошулган эмес. Августтун башынан бери «коронавирустук пневмония» деп аталган мындай 38 012 учур катталып, 404 бейтап көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: