Menu

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун активи менен жолукту

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин милдетин аткаруучу сот жана укук коргоо системасын реформалоо керектигин белгиледи. Ошондой эле жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатканына кошумчалады.

«Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбого чакырам. Элдин дагы бир чоң талабы – бул адилеттүүлүк, айрыкча сот акыйкатсыздыгы жарандарыбызды кыйнап бүттү. Өтө бийик квалификациялык талаптар коюлуучу сот системасында: сабатсыз, күн карама адамдар иштеп жатат. Анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатат. Ал эми укук коргоо органдары – заказ аткаргыч органга айланды. Ошондуктан сот жана укук коргоо органдарын реформалоого жетишебиз», – деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын кошумчалады.
«Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт.  Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек. Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган  инвестициялар келет, миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт», – деди президенттин милдетин аткаруучу.

Жолугушуунун соңунда социалдык маанидеги маселелер көтөрүлдү. Аларды чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: