Menu

Тажикстан менен Орусиянын ортосунда чартердик каттамдар калыбына келтирилди

Бөлүшүү:

Орусия менен Тажикстандын ортосундагы чартердик каттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Москвадагы элчиси Имомуддин Саттори билдирди.

«Ноябрда күнүнө бештен каттам аткаруу пландалууда — экөөнү Москвадан, калганын Орусиянын башка шаарларынан. Чартердик каттамдардын саны каалоочулар азайганда кыскартылат», — деди элчи.

Апта башында Москвадагы «Домодедово» аэропортунда Тажикстандын 200дөн ашык жараны мекенине кете албай турганы кабарланган. Анда «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, буга Орусиянын Росавиация мекемеси «Сомон Эйр» авиакомпаниясына 1-ноябрга караган түнү Москва-Душанбе багыты боюнча эки чартердик каттамды аткарууга уруксат бербегендиги себеп болгонун билдирген.

Бирок Тажикстандын Орусиядагы элчиси чартердик каттамдар «техникалык себептерден улам» аткарылбай калганын айтууда.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Орусия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз. Тажик бийлиги июлда эле каттамдарды жандандырууга даяр экенин билдирип, Орусиянын тиешелүү органдарына расмий кайрылуу жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: