Menu

Кореядан Кыргызстанга гуманитардык жардам берилди

Бөлүшүү:
Кореядан Кыргызстанга гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 3-ноябрь күнү Кореянын Өкмөтү тарабынан гуманитардык жардам катары бөлүнүп берилген 300 000 АКШ долларына КРнын Кореядагы Элчилиги тарабынан 12 санариптик рентген аппараты, бир жасалма дем алдыруучу аппарат жана 50 даана термометр алынып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Аталган жабдыктарды Кыргызстанга алып келүүгө “Манас Ложис” логистикалык компаниясы, Кореянын соода-сатыкка көмөктөшүү жана инвестициялар боюнча агенттиги (KOTRA) жардам көрсөткөн.
Ошондой эле Кореянын эл аралык KOICA уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жардамы менен Кореядан Кыргызстандын лабораториялык кызматына биоматериал чогултуу үчүн 5 смарт-кабина гуманитардык жардам катары берилген.
Буга чейин Корея Кыргызстанга:
1) Корея Өкмөтүнүн атынан 300 000 АКШ долларына 24 миң ПЧР тест система, 2 амплификатор аппаратын жана санитайзер, медициналык кол каптар гуманитардык жардам катары берилген;
2) KOICA эл аралык уюму аркылуу коронавирус менен күрөшүүдө колдонуу үчүн жеке медициналык коргоочу каражаттарды алууга 50 000 АКШ доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн;
3) KOICA эл аралык уюму аркылуу коронавирус менен күрөшүүдө колдонуу үчүн Кореядан гуманитардык жардам катары 5 даана смарт-бокс Кыргызстанга алып келинди. Учурда смарт-бокстор ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө департаментине орнотулган.
4) Корея Өкмөтүнүн атынан 300 000 АКШ долларына 12 комплект рентген аппараты, бир жасалма дем алдыруучу аппарат жана 50 даана термометр эки өлкөнүн Элчиликтеринин тыгыз кызматташуусунда Кыргызстанга алынып келинген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: