Menu

Садыр Жапаров кымбат баалуу кийимдерин кимдер белекке бергенин айтты

Бөлүшүү:

Президенттин м.м. премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда “Регион” телеканалына берген маегинде өзүнүн кийимдеринин баалары жөнүндө комментарий берди.

Журналист чын эле бир нече миң долларга кийим сатып алабы жана мындай каражат кайдан деп сурады.

Садыр Жапаровдун айтымында, ага кийимдерди Россиядан келген жердештер, достору, туугандары белек кылышкан.

“Мисалы Камчы досум жакында эле куртка белек кылды, анын баасы канча деп сураган жокмун. Балким эртең аны кийсем, аны дагы эл сындашы мүмкүн. Санкт-Петербургдагы, Казандагы, Москвадагы “Мекенчилдер” акча чогултуп, кийим алып берип жиберишиптир. Достордон, туугандардан ар түрдүү кийимдер келди. Ошол эле кийимдерди кийип жүрөм. Бирок баасын сурабайм, кызыкпайм дагы. Кымбат арзанына карабайм, негизгиси мага жарашыктуу болсо болду. Өзүм базарга, магазинге барып кийим албайм, келинчегим алып келип берет” – деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун “KITON” брендинин “жилеткасын” кийип түшкөн сүрөтү жарыяланган. Анын баасы 246 250 сом экени белгилүү болгон. Кийинчерээк Кочкорго барганда кийип барган италиялык “Moorer” брендинин курткасы 3199 евро экени айтылган. Андан кийин эле ошол эле италиялык бренддин пуховик курткасын кийген сүрөтү чыккан, интернет магазиндерде анын баасы $5 400 деп турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: