“Кыргызстан” партиясы Канат Исаевди өлкө президенттигине талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу саясий уюм журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, Канат Исаев партиянын чечими менен макул болгон жана шайлоого катышат. Ушул күндөрдүн биринде ал БШКга өзүнүн катышаары жөнүндө кабарлайт. Канат Исаев шайлоо өнөктүгүнө катышып, мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда спикердин милдетин аткара албагандыктан, Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетери такталды.
Буга чейин депутаттар кесиптеши Талант Мамытовду парламенттин спикерлигине сунушташканы маалымдалган.
Эгерде президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кызматтан президенттикке талапкер үчүн кетсе, андан кийин эл депутаттары тарабынан шайланган спикер президенттин милдетин аткарат.
Буга чейин БШК президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ