Бүгүн 4-ноябрда “Кыргызстан” партиясы президенттикке Канат Исаевдин талапкерлигин көрсөткөнү маалым болду.
Шайлоого катыша турган спикер Канат Исаев кызматтан кетип, анын ордуна Талант Мамытов келери айтылды.
Талант Мамытов журналисттерге бул маселе боюнча азырынча комментарий берүүгө даяр эместигин билдирди.
“Эгерде бүгүнкү күндө күн тартибинде ушундай суроо болсо, мен кененирээк комментарий бере алам” – деди ал.
“Парламент регламенттин негизинде иш жүргүзөбүз. Анын негизинде ар бир депутат спикер болууга укуктуу жана 120 депутаттын бардыгы татыктуу деп ойлойм. Ал эми Канат Кедейкановичтин ишмердүүлүгү боюнча, бүгүнкү кырдаалга жараша ал өз ишин татыктуу алып баратат” – деп кошумчалады ал.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ