Menu

ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү укугуна ээ болгон компетенттүү органдарынын жетекчилеринин онунчу кеңешмеси өткөрүлдү

Бөлүшүү:

ШКУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү укугуна ээ болгон компетенттүү органдарынын жетекчилеринин онунчу кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-ноябрда видеоконференция режиминде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү укугуна ээ болгон, компетенттүү органдарынын жетекчилеринин онунчу кеңешмеси өткөрүлгөн.

Кеңешмеге Индия Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча бюросунан Б.Радхика, Казакстан Республиксынын Ички иштер министрлигинен Т.С.Маткенов, Кытай Эл Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча Улуттук комитетинен Ма Яньчунь, Кыргыз Республиксынын Ички иштер министрлигинен Б.А.Матмусаев, Пакистан Ислам Республикасынын Баңги каражаттарды контролдоо боюнча министрлигинен У.Ф.Хаят, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигинен М.Хайдарзода, Өзбекстан Республикасынын Министрлигинин Кабинетине караштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча Улуттук аналитикалык борборунан А.А.Эркабаев катышышкан.

Кеңешменин жүрүшүндө ынтымактуу жана конструктивдүү тараптар  ШКУга мүчө мамлекеттердеги баңгизаттарга байланыштуу кырдаал, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуунун өнүгүү перспективасы, аталган мамлекеттердин баңгизаттарга каршы ведомстволорунун практикалык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө тууралуу ой-пикирлерин алмашышкан.

Ошондой эле тараптар эл аралык баңгилик коркунуч, баарынан мурда аймактык жана эл аралык коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратуучу, баңги каражаттарды өндүрүүнүн кескин түрө өсүшүнө, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүнүн жана анын контрабандасынын  өлчөмүнүн көбөйүү коркунучуна тынчсызданууларын билдиришкен.

Мындан сырткары, тараптар заманбап маалыматтык- телекоммуникациялык жана электрондук финансылык аспаптарды укукка каршы ишмердүүлүктө колдонуу улуттук, аймактык жана глобалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жаткандыгы менен макул болушуп, мындан ары БУУнун жана башка эл аралык баңгизаттарга каршы форумдардын алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жалпы позицияларды коргоп туруу ниеттерин билдиришкен.

Андан сырткары, ШКУга мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизаттарга каршы стратегиясын аткаруу боюнча аракет планын ишке ашыруу тууралуу жумушчу планын (2019-2020-ж.ж.) аткаруунун жүрүшун карап чыгышып, кийинки мезгилге жумушчу планды иштеп чыгып, кабыл алуу тууралуу макулдашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: