Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттерге билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттер Өмүрбек Текебаевге суроо узатышты: “Сиз шайлоого катышууну пландап жатасызбы?”. Өмүрбек Текебаев жок деп жооп берди.
Ал эмне үчүн президенттик жарыштан баш тартканын так айткан жок. Бирок буга чейин ар кандай маектеринде саясатчы жеңишке жетүү мүмкүнчүлүккө терең баа бериш керек деп, ресурстарынын аз экендигин эске алып, шайлоо жарышына аралашпоону чечкен.
Белгилей кетсек, Канат Исаев спикерликтен кетти. Ал президенттик шайлоого катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ