“Канат Исаев кызматтан кетүү жөнүндө билдирип-билдирбей эле фракциялар өз чечимин чыгарып, талапкер көрсөтүүнү баштады. Жок дегенде “правила приличия” сактап, калп эле болсо дагы жарым саат танапис жарыялап, кеңешкиле, араңарда талапкер болчу адам бар болуш керек деп гана сунуш кылдым” – деп билдирди бүгүн, 4-ноябрда депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын жыйынында журналисттерге.
“Ата Мекенден” коё турган деле талапкер жок. Бирок, биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек” – деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, бүгүн ЖКнын жыйынында спикер Канат Исаев президенттик шайлоого аттанып жаткандыктан, кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын айтты. Ал билдирүүдөн кийин эле спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлигин “Республика – Ата-Журт” фракциясы көрсөттү. Буга депутат Өмүрбек Текебаев шашылбастан, танапис жарыялап, андан кийин талапкер көрсөтүү маселесин кароону айтты.
Оказывается, это только приличия ради pic.twitter.com/2O0GNoE9Aj
— Kloop (@kloopnews) November 4, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ