Бүгүн, 4-ноябрда келин жана анын жаңы төрөлгөн үч эми №6 төрөт үйүнөн чыгарылды. Эске салсак, балдар 29-октябрда төрөлүшкөн.
Дарыгерлер аялдын өмүрү үчүн күрөштү. Ал 6-октябрда төрөт үйүнө Нарын аймактык ооруканасынан преэклампсиядан улам алынып келинген. 35-жумада аялга операция жасалды. 2020 грамм, 2300 грамм, 2500 грамм салмактагы үч эркек бала төрөлдү.
Келинди төрөтканадан алып кетүүгө келген туугандары балдарга Садыр, Жапар жана Нургожо деген ысымды ыйгарышкан. Ысымдар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ