Menu

Берлинде КРнын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Леендертсе менен онлайн-тартибинде маек курду

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-ноябрда Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Леендертсе айым менен, Германияда COVID-19 пандемиясына карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу онлайн-тартибинде маек курду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев ички саясий турукташкандык, демократиялык процесстер жана Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө маалымат берди, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү жаатында Германиянын биздин өлкөгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө ар кандай тармактардагы кыргыз-герман кызматташтыгынын абалы жана келечеги, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбордук Азия» демилгесин ишке ашыруу жана жакынкы аралыкта тышкы иштер министрликтер ортосундагы эки тараптуу консультацияларды туруктуу өткөрүү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: