Menu

Депутат Евгения Строкова “Ак үйдү люмпендер талкалаган, ошолор оңдосун, мен 1 тыйын чыгарбайм” деди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-ноябрда парламент Канат Исаев кызматтан кеткенден кийин спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлигин карап жатат.

Талкуу талашсыз болгон жок. Бул жолу Зарылбек Рысалиев менен Евгения Строкова кайым айтышты.

Сөз сүйлөгөн Рысалиев Ак үйдү жөнөкөй адамдар өрттөгөнүн, алар нааразы болгондуктан митингге чыгышканын айтты. Ал “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын атынан депутаттыкка баргандардын эсебинен жаңы Ак үйдү курууну сунуштады.

“Талант Турдумамбетович, сизге биринчи тапшырма. Сиздин калыстыгыңызды ушундан текшеребиз” – деди Рысалиев.

Депутат Евгения Строкова буга кескин каршы чыкты.

“Мен сиз үчүн уялам. Сиз аксакалсыз, дайыма тапичке кийип жүрөсүз, кээде кызыл, кээде ак, кээде кара. Мен “Биримдикте” болгонумдан уялбайм. Мен эч кимге акча берген жокмун. Биздин партияларды кемсинтүүнү токтоткула. Дагы бир жолу айтам: бардык партиялар акча беришкен, бирок ар бир талапкер эмес. Мен акча бербейм. Кесиптешим кээ бир люмпендер биздин Ак үйдү талкалады деп туура айтты” – деп билдирди Строкова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: